25- Август 2006 -жылы Боом капчыгайында 1916-жылы Үркүндө шейит кеткендердин элесине тургузулган эстеликтин ачылышы болгон
Кемин районундагы Боом капчыгайына кире бериште 1916-жылы Үркүндө шейит кеткендерге арналып тургузулган айкелдин салтанаттуу ачылышы болгон. Айкел Бишкектеги үй куруучулар жамаатынын 250 миң сом каражатына курулган.
1916-жылкы Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү максатында тургузулган эстеликти ачууга Президент кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият министри Султан Раев баштаган бир топ расмий жетекчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын чет жакасындагы 43 жаңы конуштун тургундары жана жергиликтүү эл катышкан. Эстеликти ачуу Үркүндө шейит кеткендердин арбагына багышталган куран окуу менен коштолгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан