26- Август 1999 -жылы Кыргыз-Кытай чек ара маселесине чекит коюлган
Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара маселесин тактоо узак жылдарга уланып, акыры талаш участкалар боюнча эки тарап консенсуска келишкен. Айрыкча Үзөңгү-Кууш аймагы боюнча өзүнчө келишим долбоору даярдалып, Кыргыз-Кытай чек ара маселесинин чечилишине жол ачылган. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзянь Цземиндин Кыргызстанга жасаган сапарында 1999-жылдын 26-август күнү аталган келишимге кол коюлган. Адистердин айтымында, Үзөңгү-Кууш боюнча жетишилген келишимдин натыйжасында, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда орун алган 150 жылдык чек ара талашына чекит коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан