22- Сентябрь 1937 -жылы Кыргыз ССР (б) КП Борбордук комитетинин кезексиз бюросу өткөн
Кыргыз ССР (б) КП Борбордук комитетинин кезексиз бюросу өткөн. Бюронун күн тартибине "Правда" гезитинде жарыяланган В.Ходаковдун "Буржуазные националисты" макаласы негиз болуп, анда айыпталган айрым "жолдоштордун" кылмыштуу иши каралган. УГБ НКВД кызматчысынын көрсөтмөсүнө ылайык, ошол кездеги республикалык жетекчилик улутчул, троцкисттик-бухаринчил элементтерди жана фашисттик агенттерди жактап жаткандыгы айтылган. Бюродо иши каралган адамдардын бардыгы эл душмандары аталып, сот жообуна тартылышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан