8- Сентябрь 2011 -жылы Журналисттердин шериктештигинин эл аралык күнү
Эл аралык журналисттер уюмунун 1958-жылы өткөн IV конгрессинде Журналисттердин шериктештик күнүн белгилөө аныкталган. Аталган датанын кабыл алынышына 1942-жылы фашисттик гестапо тарабынан камакка алынып, 1943-жылдын 8-сентябрь күнү Берлин шаарында жазага тартылган чехословакиялык журналист, адабият жана театр сынчысы, публицист, чехословакиялык компартиянын активисти Юлиус Фучиктин ысымы менен байланышкан. Юлиус Фучик улутчулдук капаста жаткан маалында да "Моюнга салынган сыйыртмак менен репортаж" деген китеп жазган. Жалындуу журналисттин чыгармасы 1950-жылы эл аралык "Тынчтык" сыйлыгына арзыган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан