31- Август 1997 -жылы
Автокырсыктан Уэльстин тактысына мураскер, ханбийке Диана каза болгон
Уэльстин тактысына мураскер, ханбийке Диана 36 жашында автокырсыктан каза болгон.
Ханбийке Диана 1961-жылы 1-июлда Англияда граф Олтер Спенсердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Толук аты-жөнү Диана Френсис Спенсер. Диана алты жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кичинекей кыз агасы менен атасынын колунда калышат. "Жаңы Англия" аттуу окуу жайда окугандан кийин кичинекей Ди Францияда бир нече жыл жашаган. Ал жерден психологдун окуусун окуп, кайрадан бир кездерде өзү окуп бүтүп кеткен "Жаңы Англияга" мугалим болуп орношот. Ошол жерден Англиянын 21-ханзадасы Чарльз менен таанышат. Өзүнөн он эки жаш улуу Чарльз менен төрт жыл жылуу мамиледе жүрүп, 1981-жылы 29-июлда баш кошушат. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильем, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулду болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашкан.
Ал эми 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана Френсис Спенсер жана анын досу ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз автокырсыкка кабылып, өмүр менен кош айтышат. 1-8-сентябрь аралыгында Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон сарайларында Диананын элесине арналып жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Гүлдөр каргашалуу кабар тарагандан тарта эле алынып келине баштаган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуулар жазылган китептердин саны 43кө жеткен.
1997-жылдын 6-сентябрында акыркы сапарга узатуу салтанатын көргөндөрдүн дүйнө боюнча саны 2 жарым миллиард адамды түзгөн. 36 жашында көз жумган Диананын сөөгү Нортхэмптонширге коюлган.