Атактуу италиялык актриса жана ырчы Софи Лорен Римде туулган. Ал Канн (1961), Венеция (1958, 1998, 2002), Москва (1965, 1997), Берлин (1994) кинофестивалдарынын сыйлыктарына ээ болгон. Ошондой эле "Алтын глобуска" беш жолу татыктуу болуп, чет тилдеги ролу үчүн биринчи жолу берилген "Оскар" сыйлыгына арзыган.