Түндүк Осетиянын Кармадон капчыгайында Колка мөңгүсү көчүп, орусиялык “Связной” тасмасын тартып жүргөн 19 кишиден турган топ, анын ичинде белгилүү актёр жана режиссёр Сергей Бодров мөңгү астында калышкан. Алардын сөөгүн издөөгө коопсуздук кызматында иштегендер күнү-түнү издешсе да кырсык болгон жерден эч кимиси табылган эмес. Апасы Валентина Бодрова туугандарынын каршы чыкканына карабай коопсуздук кызматында иштегендер менен чогуу Кавказга барган. Он жети адамдын сөөгү табылып, анын ичинен Бодровдуку кездешкен эмес. Уулунун сөөгү табылбаганына деми суубай, жүрөгү ооруган эне эки жумадан ашык реанимацияда жаткан. Арадан алты жыл өтүп, "Сергей Бодровдун сөөгү табылды" деген маалымат көпчүлүктүн кулагын түргөн. 30-35 жаштагы адамдын сөөгүн чогултушуп экспертизадан өткөргөн адистер табылган сөөктөр Сергей Бодровго таандыкпы же жокпу так айтуудан алыс болушкан. Ушул күнгө чейин табылган сөөк Бодровдукубу же башканыкыбы так аныкталбай келет.