2- Сентябрь 1964 -жылы америкалык актёр Киану Ривз туулган
Америкалык актёр Киану Ривз Ливандын Бейрут шаарында туулган. Анын чыгармачылыгы 9 жашында башталган. Алгачкы ийгилиги "Ромео жана Жульетта" спектаклинде Меркуционун ролу болгон. Кийин ал түрдүү жарнамалык түрмөктөргө жана кыска метраждуу тасмаларга тартылып баштаган. Анын чыгармачылыгына өгөй атасы, режиссёр Пол Аарондун кошкон салымы чоң болгон. Ал жаш Киануну кинопродюсер Эрвин Стофф менен тааныштырган. Анын жардамы менен 1999-жылы "Матрица", 2001-жылы "Таттуу ноябрь" тасмаларына тартылып, атактуулуктун даамын тата баштаган. Андан соң "Азезилдин жактоочусу" ("Адвокат дьявола"), "Ылдамдык" ("Скорость") ж.б. фильмдеринде роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан