“Эмне? Кайда? Качан?” (“Что? Где? Когда?”) телеоюну телеалпаруучу Владимир Ворошилов жана Наталья Стеценко тарабынан уюштурулуп, биринчи жолу эфирге чыккан. Алгач оюндун тартиби такыр башкача болуп, анда эки үй-бүлө ойногон. 1976-жылы оюндун шарттары толук өзгөртүлүп, аны алгач Александр Масляков, кийин Владимир Ворошилов өзү алып бара баштаган. Ал оюндун биринчи катышуучулары МГУнун студенттери болушкан.