17- Сентябрь 1832 -жылы
Орус врач-терапевти Сергей Боткин туулган
Орус врач-терапевти, коомдук ишмер Сергей Боткин Москвада туулган. Ал Москва университетинин медициналык факультетин 1855-жылы бүтүргөн. Ал 1861-жылы Петербургдагы Медико-хирургия академиясынын терапия клиникасынын профессору болгон.
Сергей Боткин Орусияда биринчилерден болуп дары заттардын фармакологиялык жана физиологиялык таасирин изилдөөчү эксперименттик лабораторияны түзгөн. Организмдеги патологиялык процесстердин (толтонун аневризми, бөйрөктүн оорусу, теринин трофикалык өзгөрүүлөрүн ж.б.) пайда болушун изилдеген. Тарыхта биринчи болуп 1861-жылы ооруларды акысыз дарылоо үчүн өз клиникасынын алдында амбулатория ачкан.