22- Сентябрь 1976 -жылы Бразилиялык футболчу Роналдо төрөлгөн
Бразилиялык атактуу футболчу Роналдо (толук аты Луис Назарио де Лима Роналдо) Рио-де-Жанейродо төрөлгөн.  
Кезинде дүйнөнүн мыкты чабуулчуларынын катарын толуктаган Роналдо клубдук карьерасында “Крузейро” (Бразилия), ПСВ (Голландия), “Барселона” (Испания), “Интер” (Италия), “Реал” (Испания), “Милан” (Италия), “Коринтианс” (Бразилия) клубдарында ойногон. Европалык жана бразилиялык клубдардын курамында 384 ирет оюнга чыгып, 280 гол киргизген. Мадриддик “Реалдын” курамында 2 ирет Испаниянын чемпиондугун (2003, 2007-жылдары), 2 ирет УЕФАнын Суперкубогун утуп алган (2002, 2007-жылдары).  
1994-2011-жылдар аралыгында Бразилиянын улуттук курама командасында ойноп, 98 оюнда 68 гол киргизген. Улуттук курама команда үчүн киргизген голдорунун саны боюнча экинчи орунда турат (77 гол киргизген Пеледен кийин). Улуттук курама команда менен 1994-жылы жана 2002-жылы футбол боюнча дүйнө чемпиондугун утуп алган. Дүйнө чемпиондуктарынын 15 гол киргизип, 2006-жылы рекорд койгон. Анын рекордун 2014-жылкы Бразилиядагы дүйнө чемпиондугунда германиялык Мирослав Клозе жаңылаган (16 гол).  
Роналдо ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамын 3 ирет алган саналуу футболчулардын бири. Бул жеке сыйлыкка ал 1996, 1997 жана  2002-жылдары ээ болгон.  
2011-жылы 7-июнда Румыния менен болгон оюндан кийин салтанаттуу түрдө карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Ал карьерасын жыйынтыктаган соң бир катар ири фирмалар менен кызматташууну токтоткон. Жеке өзүнө тиешелүү 4 машыгуучу жайы бар. Мындан сырткары маркетинг менен алектенген "9INE" компаниясын жана жеке клиника ачууга жетишкен. 2000-жылы төрөлгөн Роналд, 2005-жылы төрөлгөн Александр аттуу уулдары, 2008-жылы төрөлгөн Мария София жана 2010-жылы төрөлгөн Мария Алиса аттуу кыздары бар.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан