17- Июнь 2005 -жылы
Өкмөт үйү дагы бир ирет нааразы болгон адамдар тарабынан басып алынган
Кыргыз мамлекеттик атрибуттарынын бири болуп эсептелген Өкмөт үйү дагы бир ирет нааразы болгон адамдар тарабынан басып алынган. Өкмөт үйүнө бейтарап талаптары менен 5 миң чамалуу адам кирип, алар кыска аралыкта укук коргоо кызматкерлеринин күч колдонуусу алдында сыртка чыгарылган. Ак Үйдү басып алуу аракетинин маңызсыз маанисинен улам айрым адистер муну президенттик шайлоодон мыйзамсыз чыгарылган Урмат Барктабасовдун тарапташтары жасады десе, кээ бир аналитиктер муну оппозицияга каршы күч колдонуу оңтоюн ойлогон бийликтин амалы катары баалаган.
Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Өкмөт үйүн басып алуу аракетин айыптап, "эгерде кимдир бирөөлөр Ак Үйгө кирип барсак, баары качып кетет десе терең жаңылышат. Мен Кыргыз өлкөсүнөн качпаймын. Кача турган эч кандай ишим жок. Керек болсо курал менен бул имаратты, бийликти коргоймун" деп белгилеген.