Куудул Абылов Күмөндөр Мукулович Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган. 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр-институтунда "Театр жана кино актёру" бөлүмүндө сырттан окуган. 1993-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамын ыйгарышкан. 2000-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган.