Орусиядан келген америкалык ишкер Максимилиан Факторович 61 жашында АКШнын Беверли-Хиллз шаарында көз жумган. Ал “Макс Фактор” косметикалык компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелип, дүйнө эли аны "косметиканын атасы" деп билишет. Косметикалык каражаттарды саткан биринчи дүкөнүн Максимилиан Факторович Орусиянын Рязань шаарында ачкан.