31- Август 1944 -жылы
“Манас” эпосунда кездешкен улуттук спорт оюндарын изилдөө иши башталган
"Манас" эпосунда кездешкен улуттук спорт оюндарын изилдөө иши башталып, ал келечектен үмүттөндүргөн ийгилик менен улантылган. Эпосто учураган улуттук оюн түрлөрүнүн изилдөөгө алынышы, согуш маалындагы Лесгафт атындагы Ленинград физикалык маданият институтунун эвакуацияланышы жана СССРдин Жогорку Кеңешинин X сесиясында каралган улуттук эпосту изилдөө туурасындагы чечим зор түрткү берген. "Манас" дастанында кездешкен улуттук оюндарды изилдөө ишин аталган институттун профессору Е.Зеликсон колго алып, ага караштуу илимий топ эр сайыш, күрөш, улак тартыш сыяктуу оюндарды иликтей баштаган.