17- Июнь 1963 -жылы Саясий ишмер Темир Сариев төрөлгөн
Саясий ишмер Темир Сариев Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн.
Билими – жогорку. 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2- жана 3-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ. Үчүнчү даражадагы "Манас" Ордени менен сыйланган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1984-1985-жылдары Борбордук универмаг, жумушчу;
1985-1987-жылдары Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор, экономист, улук экономист;
1987 – 1989-жж. Аламүдүн райондук райком комсомолунун жумушчу жаштар бөлүмүнүн башчысы;
1989-1990-жылдары Аламүдүн райондук партиялык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору;
1990-1991-жылдары Аламүдүн райондук аткаруу комитет төрагасынын орун басары, Аппарат жетекчиси;
1991-1995-жылдары Кыргыз товардык-сырье биржасынын президенти;
1995-2000-жылдары “Тотон” финансы өнөр-жай фирмасынын башкы директору;
2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
04.2010-06.2010-жылдары Убактылуу Өкмөт төрагасынын орун басары, финансы министри;
2010-2011-жылдары "Акшумкар" саясий партиясынын төрагасы;
12.2011-04.2015-жылдары Экономика жана антимонополдук саясат министри;
2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан