2- Сентябрь 1939 -жылы
Кыргыз тил жана адабият институту Молдо Кылычтын кол жазмаларын казынасына алган
Кыргыз тил жана адабият илимий изилдөө институту кыргыздын биринчи жазма акыны Молдо Кылычтын баа жеткис кол жазмасын фонддун казынасына алууга жетишкен. Айтылуу акындын кол жазма түрүндөгү чыгармалары буга чейин табылбай келгендиктен, алар илим коомчулугуна жетпей, беймаалым бойдон кала берген.
Молдо Кылычтын "Тар заман", "Зилзала", "Чүй баяны" сыяктуу кол жазмалары камыш калем менен жазылып, алар тери чаначка салынып, Соң-Көлдүн боюндагы мүрзөгө катылган. Баа жеткис чыгармалар 15 жыл чамалуу көздөн далдоо жерде сакталып, кийин анын мураскерлери акындын эмгектери менен илим коомчулугу таанышууга убакыт жетти деген маалда аларды Тил жана адабият институту алган. Анткен менен бир канча жыл өтпөй кол жазманын мазмуну "идеологиялык талаптарга" жооп бербейт деп табылып, алар "горбачёвдук кайра курууга" чейин Илимдер академиясынын кол жазмалар казынасында катылып турган.