2- Сентябрь 1945 -жылы
Экинчи дүйнөлүк согуш соңуна чыккан
Япониянын капитуляцияланыш салтанаты америкалык "Миссури" линкорунда өткөрүлүп, Экинчи дүйнөлүк согуш соңуна чыккан.
Адамзат тарыхындагы эң ири согуш - Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда башталып, ага ошол учурдагы жердин калкынын 80% түзгөн 61 мамлекет катышкан. Уруш кыймыл-аракеттери 3 континенттин жеринде жана 4 океандын үстүндө жүргөн. Дал ушул Экинчи дүйнөлүк согушта өзөктүк курал колдонулган.