Англиялык жазуучу, акын, филолог Жон Толкиен 81 жашында Англиянын Борнмут шаарында көз жумган. Ал көпчүлүккө “Хоббит”, “Шакектер шаасы”, "Сильмариллион" китептеринин автору катары белгилүү болгон. 2008-жылы англиялык "The Times" гезити Жон Толкиенди "1945-жылдардан берки 50 улуу жазуучулардын" тизмесинде 6-орунга койгон.