17- Июнь 1885 -жылы Нью-Йоркко француз элинин АКШнын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына карата тартуу кылган белеги – Эркиндик айкели жеткирилген
Нью-Йоркко француз элинин АКШнын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына карата тартуу кылган белеги – Эркиндик айкели жеткирилген.
АКШнын, ошондой эле эркиндиктин жана демократиянын символу деп аталган Нью-Йоркто жайгашкан Эркиндик статуясы 1876-жылы АКШнын кѳз карандысыздыгына карата кабыл алынган декларациянын жүз жылдык мааракесине карата Франция элинен белек катары жасалган. Эркиндик статуясынын салтанаттуу ачылышы мааракеден 10 жыл өткөндөн кийин, 1886-жылдын 28-октябрында болгон. Ал "Тынчтыкка жарык чачуучу эркиндик" деп аталат.
Статуяны француз скульптору Фредерик Огюст Бартольдиге жана инженер Гюстав Эйфель жасашкан. Аны Франциядан Америкага жеткирүү үчүн 350 бѳлүккѳ бѳлүп, 214 жашикке салышкан. Статуянын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнѳ чейин 93 метр,  бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр. Статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгѳн. Ачылган күндѳн баштап бир канча жылга чейин статуя маяк катары пайдаланылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан