3- Сентябрь 1916 -жылы
колониалдык бийлик баш аламандыкты чектөө максатында кыргыздардын мүлкүн талаган адамдарга каршы сот ишин баштаган
Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү жергиликтүү калкка мүшкүл-кайгыларды жаратканы маалым. Адегенде жеринен, анан мал-мүлкүнөн ажырап, акыры эркин сактоого далалат жасаган калк империялык бийликке каршы теңдешкис күрөшкө чыккан.
Уюшкандык жана тартип жоктугунан кыргыздардын көтөрүлүшү жеңилүүгө учурап, алардын мал-мүлкүн орус чиновниктери менен казак орустар талап-тоноого киришкен. Колониялык бийлик баш аламандыкты чектөө максатында 1916-жылдын 3-сентябрында кыргыздардын мүлкүн талаган адамдарга каршы сот ишин баштаган. Пржевальск шаардык соту бул күнү Поцелуев менен Инсарскийдин кылмыш ишин кароого киришкен.