3- Сентябрь 1944 -жылы
Кыргызстандын аймагында археологиялык жана этнографиялык эстеликтерди чогултуу аракети башталган
Жаңы ачылган Фрунзе мамлекеттик маданият музейинин директору А.Өмүрзаковдун чакырыгына ылайык, бул күндөрү Кыргызстандын аймагында археологиялык жана этнографиялык эстеликтерди чогултуу аракети башталган.
Музей директору жаңы ачылган имаратка коёрго экспонат жок экендигин белгилеп, кыргызстандыктардан кокустан табылган археологиялык эстелик, же болбосо колдо сакталып турган тарыхый буюмдар туурасында билдирүүсүн өтүнгөн. Музей жетекчиси ошол маалда жүрүп жаткан Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу сүрөттөрдү жана эпистолярдык жанрдагы материалдарды чогултуу жаштарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн мааниси зор экендигин белгилеген.