Жорж Истман фотоаппаратты патенттеп, "Кодак" соода маркасын каттоодон өткөргөн.
1880-жылы Жорж Истман негиздеген “Кодак” компаниясы XX кылымдагы эң таанымал бренддердин бири болгон. 1969-жылы Нил Амстронг биринчи жолу Айдын жүзүнө кадам шилтегенде сүрөттөрдү “Кодак” камерасы менен тарткан. Бирок XXI кылым санариптик технологиянын заманы болуп, жаңы өзгөрүүлөрдү өздөштүрүүгө “Кодак” жетишпей калган.