Жекшемби 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп өткөн. Жыйынтыгында, Алай районуна караштуу Нура айылы зилзаланын очогуна кабылган. Миңге жакын адам жашаган айыл барууга кыйынчылык туудурган тоолуу аймакта, райондун борборунан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан.