Франциянын борбору Парижде башталган ЮНЕСКОнун XXXII сессиясына кыргызстандык делегация катышкан. Сессияда президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, андан кийин Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосунда "Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу" макулдашууга кол коюлган.