11- Октябрь 1926 -жылы Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театры ачылган
Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театры ачылган. Театр Кыргыз обкомунун токтомуна ылайык, ишке киргизилип, анын алгачкы негиздөөчүсү жана чыгармачыл чыйыр салган адам катары студиянын ошол убактагы көркөм жетекчиси Н.Н.Еленин эсептелинген. Студияда А.Куттубаева, К.Айбашева, К.Эшимбеков, Ш.Түмөнбаев, К.Мадеминова, Г.Уразбаева, А.Малдыбаев, А.Куттубаев сыяктуу кыргыз маданиятына зор салым кошкон инсандар билим алып, чыгармачыл өнөрүн арттырышкан. Студия ачылгандан тарта чыгармачыл топ Н.Н.Елениндин жетекчилиги менен "Молдо Насирдин" спектаклын сахнага камдай баштаган.
Кийин театрга драматург, жазуучу, коомдук ишмер Токтоболот Абдымомуновдун ысымы ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан