7- Октябрь 1929 -жылы
Фрунзе шаардык бийлиги борбор калаадагы нан тартыштыгына байланыштуу кескин билдирүү тараткан
Фрунзе шаардык бийлиги борбор калаада нан тартыштыгына байланыштуу чукул билдирүү тараткан. Шаардык бийлик нан тартыштыгы жасалма жол менен жүргүзүлгөндүгүн тактап, борбордо орун алган дүкөндөрдөгү кезек күтүүлөргө ортомчулар күнөөлүү экендигин белгилеген.
Кызыл кулактар согуш жаңжалы тутанса деген кыязда нанды ашыкча сатып алышып, аны катыра баштаган. Мындан улам нан тартыштыгы пайда болуп, дүкөндөрдө аягы суюлбаган кезек күткөндөр пайда болгон. Шаардык бийлик кызыл кулактыкка каршы чечкиндүү чара көрүлө тургандыгын белгилеп, шаар калкын сабырдуулукка чакырган.