Улуттук маданият музейинин негизинде курулган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын тарых музейи "Кыргызстан Орусиянын курамында" аттуу көрсөтмө уюшурган. Музей жетекчилиги Атаке баатырдын Санкт-Петербургга жиберген элчилигинин маршрут картасын илип, бирок анын түшүндүрмө жерине "элчилик" сөзүн ыраа көрбөй аны депутация термини менен алмаштырышкан.