10- Сентябрь 1901 -жылы
акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист Касым Тыныстанов туулган
Кыргыз калкынын сыймыгы, мамлекет түптөп, маданиятты жолго коюп, илим-билимге негиз салган алгачкы интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү, акын, драматург, коомдук ишмер, журналист Касым Тыныстанов Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында төрөлгөн.
К.Тыныстанов 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунда окуп жүргөндө казак тилинде чыккан мезгилдүү басылмаларда, Түркстан АССРинин Эл Агартуу Комиссариатынын алдындагы казак-кыргыз билим комиссиясында маяналуу кызматтарда эмгектенип, 1920-1924-жылдары "Өрис", "Ак-Жол" гезиттеринде, "Жас кайрат", "Сана" журналдарында иштеген. Дал ушул институтта окуган төрт жылда К.Тыныстанов кыргыз эли үчүн жазуу-чиймени жаратууга, айрыкча мектеп үчүн окуу куралдарын түзүп, кураштырууга киришкен.
К.Тыныстанов - алгачкы көч баштаган окумуштуу тилчи, акын-жазуучу, котормочу, журналист, коомдук ишмер катары аты таанылган тарыхый инсан. Ал улуттук тил илиминин жер пайын түптөп, аны андан ары өнүктүрүп, баарынан мурда кыргыз тил илиминин терминдерин, түшүнүктөрүн, орфографиялык, пунктуациялык эрежелерин биринчи болуп иштеп, окуу куралдарын эне тилинде жараткан.