10- Сентябрь 1990 -жылы
Ырчы Нурлан Насип төрөлгөн
"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-2013-2014-жылдардын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Нурлан Насип Токтогул районундагы Терек-Суу айылында туулган. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек орто мектебине кирген. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө кирип, аны 2010-жылы бүтүргөн. Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан.