11- Сентябрь 1983 -жылы
Ырчы, телеалпаруучу, ди-джей жана тамада Чыңгыз Мырзаев төрөлгөн
Ырчы, телеалпаруучу, ди-джей жана тамада Чыңгыз Мырзаев Баткен облусундагы Кадамжай районунун Орозбеков айылында төрөлгөн. Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумун бүтүргөн. Ырчынын "25 жаш", "Бир тууган" деп аталган ырлары элге кеңири белгилүү. Чыңгыз Мырзаев "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча 2006 жана 2011-жылдары "Жылдын супер ди-джейи" наамдарына ээ болгон. Ырчылыктан сырткары өзүн тасма талаасынан да сынап, “Кандуу сүйүү” тасмасында баш каарман Алымбектин образын, "Талас-Бишкек" тасмасында Ильяздын ролун жараткан.