12- Сентябрь 1898 -жылы
Жети-Суу облустук прокурору Кара-Кундуз кыштагында жашаган дунгандар менен Шабдан баатырдын ортосундагы кутумчулдук байланышты териштире баштаган
Жети-Суу областтык прокурору Кара-Кундуз кыштагында жашаган дунгандар менен Шабдан Жантаев ортосунда кутумчулдук байланышты териштирген. Прокурордук териштирүү Кара-Кундуз волосттук башчысынын арызына байланыштуу жүргүзүлгөн. Волость башчысы кыштакта жашаган айрым дунган адамдары Сарыбагыш волостуна барып, Шабдан Жантаев менен жашыруун байланышып, орус бийлигине каршы көтөрүлүш чыгарууну көздөп жүрүшөт деп кабарланган.
Прокурордун иликтөөсүндө Кара-Кундуз кыштагынын дунгандары кыргыздар менен көтөрүлүш чыгаруу үчүн эмес, жеке байланыштык багытында жасалгандыгы далилденген.