Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд да уюшулган. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.