8- Октябрь 1939 -жылы
Фрунзе шаарынын маалымдоо каражаттары "ТАССтын төгүндөөсүн" жарыялашкан
Фрунзе шаарында жарык көрүүчү маалымат каражаттары "ТАССтын төгүндөөсүн" жарыялашкан. Советтер Союзунун Телеграфтык агенттиги "советтик аскер күчтөрү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян чек арасына жакын жайгаштырылып, ал түгүл Синьцзян провинциясына киргизилди" деген кабар жалган экендигин билдирген. ТАССтын белгилөөсүнө ылайык, мындай ушак лондондук жана нью-йорктук маалымат каражаттарынын иши болгон.