7- Октябрь 1994 -жылы Кыргыз Республикасынын туңгуч генерал-майору Эргеш Алиев каза болгон
“Легендарлуу генерал” атка конгон Кыргыз Республикасынын туңгуч генерал-майору Эргеш Алиев каза болгон. 
Эргеш Алиев 1905-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган. Ал Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардын бири. Милициянын генерал-майору. 1927-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз атчандар дивизионунда кызмат кылган. Милициянын Базаркоргон, Токмок районундук бөлүмдөрүн жетектеген. 1934-1941-жылдары милициянын Алай-Гүлчө райондук, Ош шаардык бөлүмүнүн начальниги, милициянын Тян-Шань облустук башкармасынын начальнигинин орун басары болгон. Согуш жылдары (1941-1945) ички иштер эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн начальниги, милициянын Ош облустук башкармасынын начальнигинин орун басары, 1946-1947-жылдары милициянын Жалал-Абад облусунун башкармасынын начальнигинин орун басары болуп иштеген. Андан соң ички иштер министрлигинин (ИИМ) Милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустук башкармалыктарынын начальнигинин орун басары, 1956-1959-жылдары милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын начальниги, милициянын Ош облустук башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген. 
Эргеш Алиев Ленин, Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. ИИМдин Академиясы, райондогу мектеп, Жалал-Абад шаарындагы көчө анын ысымы менен аталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан