Италиянын опера ырчысы, тенор Лучано Паваротти 71 жашында Италиянын Модена шаарында көз жумган. Ал 2006-жылдан бери карын алдындагы бездин рак дартынан жапа чегип келген. Ал өзүнүн тажыясын өткөрүү тууралуу керээзин калтырып, дээрлик ар бир мүнөткө чейин белгилеп өткөн. Гүлчамбарлар ак гүлдөн башка түркүн түстөгү гүлдөрдөн болушун айткан. Кайгылуу ырларга караганда классикалык музыкасы коюлушун да айткан. Мындан улам маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында аза күтүү музыкасы эмес, Лучано Павориттиге таандык ыр жаңырып турган. Аны менен коштошуу үчүн белгилүү саясатчылар, маданият кызматкерлери жана 100 миңдеген күйөрмандары келген. Лучано Повориттинин сөөгү ата-энесинин жанына коюлган.