9- Октябрь 1978 -жылы
ырчы Гүлзинат Суранчиева туулган
Ырчы Гүлзинат Суранчиева Ысык-Көл областындагы Каракол шаарында туулган. Улуттук консерваториянын фортепиано бөлүмүн жана ушул эле окуу жайдын аспирантурасын аяктаган. Гүлзинат Суранчиева 2008-жылы "Беш жылдыз" Эл аралык сынагына катышкан, ал эми 2009-жылы "Астана жылдызы" Эл аралык сынакта 1-орунду, 2010-жылы Астана шаарындагы "Чабыт" аттуу Эл аралык сынакта 2-орунду алган. 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери", 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын алган. Учурда (2015-ж.) Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, Шубин атындагы музыкалык мектебинде сабак берет. Алгач “Шантелл” тобунда ырдап жүрүп, аталган топто "Кош жылдыз" аттуу ыры менен элге таанылган.