10- Октябрь 1959 -жылы
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Керим Турапов төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын экс-жетекчиси, опера ырчысы Керим Турапов Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Оштогу музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүн, Б.Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал студент кезинде эле Асанкан Жумакматов башкарган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиосунун симфониялык оркестринин коллективине чакырылган. Анын ырчылык эмгек жолу элдик ырларды аткаруу менен башталган. Уккулуктуу, кенен диапазондуу лирикалык тенор үнү менен кийин дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды аткарган. Кыргыз классикалык музыкасын кайрадан калыбына келтирүүдө көп эмгек жумшаган. Ошондой эле дүйнөлүк классикалык опералардын эң мыкты партияларын жогорку деңгээлде аткарууга жетишкен. Керим Турапов Кыргызстан Ленин комсомолу, Эл аралык Ч.Айтматов атындагы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын ээси, ал эми 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наамдар берилген.