4- Октябрь 1957 -жылы СССРде космоско Жердин жасалма спутниги учурулган
Советтер Союзунда Жердин алгачкы жасалма спутниги орбитага чыгарылгандыгы жөнүндөгү кабар бүткүл Жер шарына таркады. Ошондон кийин бир нече түн бою жылдыздуу асмандын фонунда жылып жүргөн эки жылдызчаны байкоого мүмкүн болгон.
Анын ачыгыраак жаркыраганы спутникти жерге жакын орбитага чыгарган ракета, ал эми көзгө билинер-билинбес көрүнгөнү космоско учурган жердин жасалма спутниги болгон. Космостун бул алгачкы чалгынчысы сыртында төрт антеннасы бар, ичинде радио белгилерди таркаткыч жайгаштырылган кичинекей жалтырак шар сымал болгон.
Ал секундасына 7.97 чакырымдай ылдамдыкта учуп, биздин планетаны бир жарым саатта айланып чыгууга үлгүргөн. Жердин алгачкы жасалма спутнигинин салмагы бар болгону 83.6 кг болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан