23- Апрель 1616 -жылы Англиялык акын, драматург Уильям Шекспир каза болгон
Англиялык акын, драматург Уильям Шекспир Англиянын Стратфорд-на-Эйвоне шаарында каза болгон.
Вильям Шекспир 1564-жылы 26-апрелде Англиянын Стратфорд деген кичинекей шаарчасында кол өнөрчү соодагердин үй-бүлөсүндө туулган. Англиядагы мыкты мектептердин биринен окуп, андан латын жана байыркы грек тилин үйрөнүп, Грек - Рим дүйнөсүнүн тарыхы жана анын адабияты менен таанышкан. Бул алган билими кийинки чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизген.
Вильям Шекспир өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө 37 пьеса, 17 комедия, 11 трагедия, 5 поэма жана 150дөн ашык сонет жазган. Анын "Жаңылыштык комедиясы"(1592), "Азоого чалма" (1593), "Генрих Vl" (1590-1592), "Ричард lll" (1593) пьесаларынын негизги идеясы - мамлекетти бириктирүү зарылдыгы жана феодалдык анархияны жоюу болгон. Шекспир дүйнөлүк драматургияда биринчи болуп пьесаларын миф, легендаларга аралаштырбай күрөшүүнү түздөн-түз реалисттик жол менен чагылдырган. Экинчи мезгилдеги "Ричард lll" (1593), "Ромео жана Жульетта" (1595), "Виндзордогу ойсокелер" (1598), "Он экинчи түн" (1600) драмаларында турмуштун карама-каршылыктарын терең сүрөттөп, алардын гармониялуу чечилишине ишеним көрсөтөт. Шекспирдин чыгармачылыгынын үчүнчү мезгили (1600-1608) Англиянын коомдук-саясий турмушунун бурулуш жылдарына туш келет. Ушуга байланыштуу трагедиялык кырдаалдагы социалдык-философиялык чыгармалары - "Гамлет"(1601), "Король Лир" (1605), "Отелло" (1604), "Макмет"(1606), "Тифон Афинский" (1608) жана башкалары жаралган. Вильям Шекспир реалист гуманист болгон. Ал өзүнүн чыгармачылыгында зор көркөмдүк күч менен пайдакерчилик, арамдык, жүзүкаралык, адамдын тагдырына зыянкечтик кылуу сыяктуу көрүнүштөрдүн бетин ачкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан