Англиялык актриса Кейт Уинслет Англиянын Рединг шаарында туулган. Кейт Уинслеттин толук аны-жөнү - Кетрин Элизабет Уинслет. Ал эми жашоодогу лакап аты - англиялык роза. Балалыгынан бери актриса болууга кызыккан Голливуддун супер жылдызы Лондондогу актёрлук мектептен билим алган.