6- Октябрь 1908 -жылы
Крит аралы Түркиянын курамынан чыгып, Грециянын курамына кошулган
Крит аралы Түркиянын курамынан чыгып, Грециянын курамына кошулган.
Крит – Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндөгү арал. Түндүк жээги булуң-буйткалуу, түштүгү тегиз, жардуу. Бир нече тоо массиви бар (эң бийик жери 2456 м, Ида чокусу), алар негизинен акиташ, сланец тоо тектеринен түзүлгөн; темир, күрөң көмүр кендери бар. Карст процесси өөрчүгөн. Жер ортолук деңиздик бадалдар (фригана), кырына жакын шалбаа өсөт. Жүзүм, зайтун дарагы өстүрүлөт. Дан эгиндери (буудай, жүгөрү), тамеки эгилет. Кой чарбасы өнүккөн. Балык кармалат.
Крит байыркы эгей маданиятынын борборлорунун бири болгон. Б.з.ч. 67-жылга чейин Рим империясы каратып алган. 395-823-жылдары жана 961-1204-жылдары Византиянын курамында; 823-961-жылдары арабдарга караган. 1204-жылы Критти кресттүүлөр каратып, Византияга саткан. 1715-жылы Осмон империясына караган. Криттин калкы 1821-1829-жылдардагы Грек революциясына, 1896-1897-жылдарда Осмон империясына каршы көтөрүлүшүнө катышкан. 1898-жылы Осмон империясы европалык державалардын кысымы жана "калкалоосу" астында Критке административдик автономия берген.