6- Октябрь 1991 -жылы Советтик рок-музыкант, ырчы, акын, актёр Игорь Тальков өлтүрүлгөн
Санкт-Петербургда "Юбилейный" атындагы спорт сарайындагы концерт учурунда советтик рок-музыкант, ырчы, акын, актёр Игорь Тальков өлтүрүлгөн.
Көптөгөн ырчылардын катышуусунда өтүп жаткан ал концертте советтик жана өзбекстандык ырчы Азизанын продюсери Игорь Малахов менен Игорь Тальковдун ортосунда түшүнбөстүктөр чыккан. Игорь Малахов ок атуучу курал менен эки жолу атып, бирок ал жерге тийген. Игорь Тальковдун коопсуздук кызматкерлери Игорь Малаховду токтотууга аракет кылышып, ал убакта курал жерге түшүп кеткен. Бир аз убакыттын ичинде дагы бир ок атылып, ал Игорь Тальковдун жүрөгүнө тийип каза болгон.
Бул окуя боюнча шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, Игорь Малахов издөөгө алынган. Бирок 10 күндөн кийин Игорь Малахов кылмышын мойнуна алып, колго түшүп берген. Бирок 1992-жылы апрелде иликтөөлөрдөн соң Игорь Тальковду өзүнүн "Спасательный круг" тобунун администратору Валерий Шляфман атканы далилденген. Ал эми Валерий Шляфман ошол жылдын февраль айында эле Израилге чыгып кеткен. Ал убакта Орусия менен Израилдин ортосунда кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү боюнча келишими болбогондуктан, Валерий Шляфманды жазалоо мүмкүн болбой калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан