10- Октябрь 2000 -жылы
Шри-Ланканын саясий жана мамлекеттик ишмери Сиримаво Бандаранаике көз жумган
Аялдан чыккан биринчи премьер-министр, 3 жолу Шри-Ланканын өкмөт башында турган Сиримаво Бандаранаике 84 жашында Коломбодо каза болгон.
Шри-Ланканын саясий жана мамлекеттик ишмери Бандаранаике Сиримаво 1916-жылы 17-апрелде Шри-Ланканын Балангод деген жеринде туулган. Жолдошу Соломон Бандаранаикени реакционерлер өлтүргөн соң (1959) ал уюштуруп кеткен Цейлондун боштондук партиясынын жетекчилеринин бири болуп калган. 1960-1965-жылдары Цейлондун премьер-министри болуп иштеген. 1970-жылы Бандаранаике Сиримаво өкмөт башына кайрадан келип, 1977-жылга чейин отурган.