Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргыз өкмөтүн иштен кетирүү туурасындагы Коммунисттер фракциясы даярдаган долбоорду талкуулоого киришкен. Коммунисттер фракциясы Лениндин эстелигин борбордук аянттан которткондугу үчүн Кыргыз өкмөтүн иштен кетирүүнү талап кылган. Мыйзам чыгаруу жыйынында жашыруун добуш өткөрүлүп, Коммунисттер фракциясынын долбоору колдоого алынган эмес.