5- Сентябрь 2005 -жылы
“Кара-Суу” базарынын бир бөлүгү болгон “Туратали” базарынын кожоюну Абдалим Жунусовду өз үйүнөн атып кетишкен
“Кара-Суу” базарынын бир бөлүгү болгон “Туратали” базарынын кожоюну, Ибрагим Жунусовдун бир тууган агасы Абдалим Жунусов айдоочусу менен өз үйүндө өлтүрүлгөн. Таң атпай куралчан адамдар үйүнө кирип келишип ок чыгарышкан. Абдалим Жунусовдун өлүмүнө шектүү делип 34 жаштагы Сапарали Аканов кармалган.