15- Сентябрь 1993 -жылы
Советтик жана орусиялык жазуучу, сценарист, журналист, акын Юлиан Семёнов көз жумган
Советтик жана орусиялык жазуучу, сценарист, журналист, акын Юлиан Семёнов көпкө созулган оорудан улам 61 жашында Москвада көз жумган. Ал "Детектив и политика" журналынын жана “Совершенно секретно” гезитинин негиздөөчүсү болгон. Чыгармачылык жолунда Юлиан Семёнов өзүнүн чыгармаларынын негизинде 20дан ашык тасмаларга сценарий жазган. Алардын эң атактуулары "Майор Вихрь" (1967), "Семнадцать мгновений весны" (1973), "Петровка, 38" (1980), "ТАСС уполномочен заявить…" (1984), "Противостояние (1985) ж.б.