
Орус жазуучусу жана ойчулу Лев Толстой Тула губерниясындагы Ясная Полянада дворяниндин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун атасы ири дворянин Николай Ильич Толстой 1812-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан, белгилүү коомдук ишмер болгон. Апасы Орусиянын тарыхында калган ири князь Волконскийдин кызы болгон.
Лев Толстой бала кезинен билим алууга умтулуп, англис, француз, немец, италия, чех, серб, грек, латын, украин, татар, түрк, болгар тилдерин билген. Франция, Швейцария, Италия, Германия, Англия мамлекеттерин кыдырып, жаш убагында музыкага да абдан кызыккан. Бах, Гендель жана Шопен жазуучунун жактырган композиторлору болгон.
Лев Толстой 1851-жылдан тарта аскерде кызмат өтөп, 1853-жылы Крым согушунда Севастопольду коргоого катышып, Ыйык Анна ордени менен сыйланган. Поручик чининде 1856-жылы отставкага чыккандан кийин чет өлкөлөрдү кыдырган.
“Согуш жана Тынчтык”, “Анна Каренина” өңдүү алп романдарды жараткан орустун эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги алп жазуучу Лев Толстой 1910-жылдын кеч күзүндө жеке дарыгери Душан Маковицкийдин коштоосунда Ясная Полянадагы үйүнөн эч кимге шек алдырбай чыгып, башы ооган тарапка багыт алган. Болгарияга, болбосо Кавказга бараармын деген Лев Толстой жолдо баратып өпкө оорусу күч алган. Аргасыздан азыркы Липецк областындагы Астапово бекетинде поездден түшүп калып, 20-ноябрда аталган бекеттин начальниги И.И.Озолиндин үйүндө жан берген. Лев Толстойдун сөөгү 23-ноябрда балалыгы, өмүрүнүн жарымынан көбү өткөн Ясная Полянага коюлган.