10- Сентябрь 1673 -жылы
Иренек баатыр баштаган эне-сайлык кыргыздар орустардын Кузнецк чебине кол салышкан
Эне-сайлык кыргыздар менен падышалык Орусиянын Сибирь бийлиги ортосундагы мамиле курч кырдаалда жана атаандаштык шартта өнүккөн. Айрыкча кыргыздардын көсөм жетекчиси Иренектин башкаруу убагында алар орустардын басып алуу саясатына татыктуу карышылык көрсөтүп турушкан.
Архивдик материалдарга караганда, Иренек баштаган эне-сайлык кыргыздар 1673-жылдын бул күндөрү орустардын Кузнецк чебине кол салышкан. Кыргыздардын чапкынына жунгарлардын Жанжин жетектеген колу катышып, алар көптөгөн адамдарды туткунга алып, мол олжо менен артка тартышкан. Орус аскер башчылары дароо кол курап, чабуул уюштурууга жетишип, өз адамдары менен мал-мүлкүн кайрып алууга үлгүрүшкөн.