10- Сентябрь 1958 -жылы
Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева төрөлгөн
Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева Чүй облусунун Сын-Таш айылында төрөлгөн. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык менен аяктап, студенттик жылдары лениндик стипендияга ээ болуп, факультеттин комсомолдук уюмун жетектеген. 1989-жылга чейин Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин басма сөз, пропаганда жана үгүт боюнча сектор башчысы болуп эмгектенип, жаш кыз-келиндер менен иш жүргүзгөн. Кийинки эки жыл Кыргызстандын компартиясынын Борбордук комитетинин алдындагы партиянын тарыхы институтунун илимий кызматкери болуп эмгектенген. 1992-1996-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун маалымат катчысы, “Казына” гезитинин башкы редактору болгон. Ал эми 1993-жылы Замира Акбагышева Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы болуп шайланган.